Каракол-Эңилчек унаа жолунун бир бөлүгүн сел жууп кетти

Каракол-Эңилчек унаа жолунун бир бөлүгүн сел жууп кетти. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ күндүз карга айланган жаан жаап,

 

Бүркүт көлүнөн суу ташыган. Жыйынтыгында, трассанын 95-101-чакырымдарын ылай аралаш масса жууп кетти. Ведомстводон белгилешкендей, бүгүн жолдун башка бир катар тилкелерин дагы жууп кетиши толук ыктымал. Абалга байланыштуу, трассанын аталган бөлүгү кыймылга жабылды.