Америкалык ишкер, Тесланын негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө эле 16 миллиард доллардан ашык жоготту

Америкалык ишкер, Тесланын негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө эле 16 миллиард доллардан ашык жоготту. Мындай маалыматты Forbes Real-Time басылмасы жазып чыкты.

 

Бул акциялардын баасынын түшүп кеткенине байланыштуу. Учурда Илон Масктын жалпы байлыгы 71 миллиард долларды түзөт. Эске салсак, бир жума мурда ишкер дүйнөнүн эң бай адамдарынын үчилтигине кирген. Анда анын байлыгы 111 миллиард доллардан ашып жаткан.