Кара-Кулжада жаңы мектеп колдонууга берилди

Кара-Кулжада жаңы мектеп колдонууга берилди. Сары-Бээ айылында Бегитаев атындагы орто мектептин курулушу аяктады. Эки кабаттуу,  200 орундуу мектептин курулушу 2015-жылы башталган.

 

Республикалык бюджеттен бул максатта   39 миллион сом бөлүнүп берилген. Кошумчаласак, Бегитаев атындагы орто мектептин эски имараты 1978-жылы курулуп, эскилиги жеткен.