Билим берүү министрлиги жыл башынан бери 12 миң окуу китебин чыгарды

Билим берүү министрлиги жыл башынан бери 12 миң окуу китебин чыгарды. Ведомство маалыматына ылайык, инвесторлордун колдоосу менен 5-6-класстар үчүн “Технология” жана “ИЗО” предметтери боюнча окуу куралдары басылып чыгарылд.

 

Китептер Бишкектин, Чүй, Ысык-Көл облустарынын мектептерине тапшырылды. Окуу куралдары жакынкы 5 жылда ижарага берилип, түшкөн акчага жаңы китептерди басып чыгаруу пландалып жатат.