Кафе-ресторандарда кардарлардын санын 100гө жеткирүү суроосу жакынкы күндөрү каралат

Кафе-ресторандарда кардарлардын санын 100гө жеткирүү суроосу жакынкы күндөрү каралат.  Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, акыркы чечимди Республикалык штаб кабыл алат.

 

Өкмөт башчы белгилегендей, учурга карата  коомдук тамактануу жайларындагы чектөө дале күчүндө. Кафе, ресторан жана башка көңүл ачуу жайлары 50дөн ашык кардарды киргизе албайт. Тартип бузгандар айыпка тартылат.