Жалал-Абад шаарында той өткөрүүгө карата салынган айыптын суммасы жогорулады.
Вице-мэр Нуртилек Орозбаев эскерткендей, буга чейин санитардык талаптарды аткарбагандарга
3 миң сом айып салынса, мындан кийин айыптын көлөмү 40 миңден 60 миң сомго чейин болду.
Тиешелүү чечимди Республикалык штаб кабыл алды. Белгилеп кетсек, өлкө боюнча кафе-ресторандарда
50дөн ашык адамдарды чогултуп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт.