Бишкекте  коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Бишкекте  коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, эми өзгөчө абалдын убагында коменданттык саат түнкү 10дон, таңкы 5ке чейин киргизилет.   Коменданттык саат шаар турмушун иретке келтирүүгө салым кошуп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди эсепке албаганда бардык жарандарга жана жарандыгы жок… Кененирээк…

118 чалуу борборунун иши ушул жумада кайра жанданат

118 чалуу борборунун иши ушул жумада кайра жанданат.   Бул тууралуу 24 агенттигине Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бахтияр Станбеков билдирди.   Анын айтымында, түз байланыш номуру техникалык себептерден иштебей калган. Учурда номурлар Бишкектин жана облустардын бирдиктүү үй-бүлөлүк медицина борборлоруна которулду. Ошондой эле, бардык программалардын… Кененирээк…

Баткен облусунда жаңы инфекциялык оорукана колдонууга берилди

Баткен облусунда жаңы инфекциялык оорукана колдонууга берилди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу үчүн курулуш, оңдоо иштери аткарылды.   Медициналык жайга жылуулук берилип, зарыл жабдуулар менен камсыздалды, 3 жасалма дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулду. Облуста коронавирус… Кененирээк…

Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты

Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, көмүр казуу иштери жанданып, кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат.   Ушул тапта Кара-Кече кенинен бир суткада орто эсеп менен 3 миң 500 тонна көмүр чыгарылып жатат. Бишкекте парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясынан 6-октябрга караган… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек аймагында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек аймагында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди. Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка кол койду.   Бул анын буга чейинки киргизилген өзгөчө абал режими тууралуу чечимин Жогорку Кеңеш депутаттары 3 күн аралыгында кароого албай койгондуктан кабыл алынды.   Ага ылайык, өзгөчө абал бүгүн кечки… Кененирээк…

Ордо калаага жылуу жана ачык аба-ырайы бир нече күнгө кайтып келди

Ордо калаага жылуу жана ачык аба-ырайы бир нече күнгө кайтып келди. Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын табы нормасынан 6-8 градуска жогору болот. Бул сентябрь айынын биринчи декадасына мүнөздүү. Күндүз 15, 18 градус нөлдөн жогору, түнкүсүн термометр мамычалары 8 градустан ылдый түшпөйт. Мындай аба-ырайы ушул жуманын аягына… Кененирээк…

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар азырынча жылуулукка кошулбайт

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар азырынча жылуулукка кошулбайт. Ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей, иштерди азыр баштоо максатсыз. Бакчаларга жана билим берүү мекемелерине балдар барбайт. Кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөдө. Мекемелерде нөөмөттөгүлөр гана иштеп жатат. Анын үстүнө аба-ырайы өтө суук боло элек. Белгилеп кетсек, бүгүнкү… Кененирээк…

Ош шаарында ачылган күндүзгү стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда

Ош шаарында ачылган күндүзгү стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда. Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, стационар Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектептин спорт залына уюштурулду. Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадда бир катар күндүзгү стационарлар ишин жандандырган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, көзөмөл бекети аба ырайынын кескин начарлашынан улам Кытай тараптын демилгеси менен 12-октябрда оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот. «Эркечтам» бекети оор жүк ташуучу унаалар үчүн атайын кабыл… Кененирээк…

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы Россияда көрсөтүлөт

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы Россияда көрсөтүлөт. Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун тасмасынын бет ачары «Киношок» ачык кинофестивалында өтөт. Фестиваль Анапа шаарында ушул айдын аягына белгиленди. Эске салсак, «Шамбала» тасмасынын дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын июль айында Шанхай кинофестивалында өткөн. Тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган.