Нидерландыда учуучу унаага жалпы колдонуучу жолдордо жүрүүгө дагы уруксаат берилди

Нидерландыда учуучу унаага жалпы колдонуучу жолдордо жүрүүгө дагы уруксаат берилди. Машине гирокоптер сыяктуу жасалып, кадимки унаадай дагы жүрө алат. Анын баасы 500 миң евро, же 49 миллион сомду түзөт.   Асманда дагы, жолдо дагы ал саатына 180 чакырым менен жүрөт. Ал бензин куюп, 500 чакырымга… Кененирээк…

Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн

Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев фейсбук баракчасына жазды. Тиешелүү чечим шаарда эпидемиологиялык абал курчуп жатканына байланыштуу, жакында кабыл алынат.   Ошондой эле, түнкү клубдар, компьютердик клубдар жабылышы керек, — деди Балбак Түлөбаев. Белгилеп кетсек, Бишкекте… Кененирээк…

Ош шаарында кошумча стационарларды ачуунун зарылчылыгы жок

Ош шаарында кошумча стационарларды ачуунун зарылчылыгы жок. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө шаарда №52 мектептин базасында күнү-түнү иштей турган дарылоочу борбор түзүлгөн.   Коронавирус белгилери байкалган тургундар жашаган жери боюнча бейтапканага же 118, 103 номурларына кайрылышы керек. Анын абалына жараша медицина кызматкерлери кийинки аракеттер… Кененирээк…

Кыргызстанда мектептерди экинчи чейректе ачуу суроосу чечилип жатат

Кыргызстанда мектептерди экинчи чейректе ачуу суроосу чечилип жатат. Бул тууралуу Мектеп билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Кусеинова билдирди.   Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептерде окуу процессин жандантуу боюнча эрежелер иштелип чыкты. Биринчи кезекте санитардык нормаларды сактоо сунушталат.   Мектептерди ачуу жер-жерлердеги эпидемиологиялык… Кененирээк…

Президенттикке талапкердин шайлоо фонду каржы суроолору боюнча өкүлүн каттоодон кийин 4 күн аралыгында түзүлүшү керек

Президенттикке талапкердин шайлоо фонду каржы суроолору боюнча өкүлүн каттоодон кийин 4 күн аралыгында түзүлүшү керек. БШКдан билдиришкендей,   1 миллион сомго барабар күрөө акысы 3-декабрга чейин төгүлүшү шарт.   Белгилүү бир убакытта талапкер Боршайкомго фондко каражат кайдан түшүп жатканы жана кайда сарпталып жатканы тууралуу отчет бериши… Кененирээк…

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 4-ноябрда ал үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.   Анын айтымында, бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Башкы прокуратура кайрылган. «Башкы прокуратура… Кененирээк…

Америка тургуну үйүн жыйнап байыды

Америка тургуну үйүн жыйнап байыды. Чет элдик ММКлар жазышкандай, Флорида штатынын тургуну лотерея билеттерин сатып алып, бирок алар тууралуу такыр унутуп калган. Кийин үйүн жыйнап жатып, таап алган.   Ошол жерден эле сандарын өчүрүп, 1 миллион доллар утуп алганын билди. Лотерея билеттерин сатып алган дүкөндүн… Кененирээк…

Кытайда темир жол суу астына кирип кетет

Кытайда темир жол суу астына кирип кетет. Коңшу өлкө дүйнөдөгү эң чоң суу алдынагы туннель куруу ниетинде. Анын жалпы узундугу 16 чакырымды түзөт. Суу астынан поезддер саатына 250 чакырым жүрө алат.   Курулуш иштери 6 жылда аяктайт деп пландалуула. Долбоорду ишке ашырууга 4 миллиард доллар… Кененирээк…

Disney адамдын жүзүн туураган робот чыгарды

Disney адамдын жүзүн туураган робот чыгарды. Ал көзүн ирмеп, башын кыймылдата алат. Ошондой эле, роботтун көзү кадимки адамдыкындай кыймылдап жаткан нерсенин байкап, ээрчий алат.   Технология адамдын көрүүсүн туурап чыгуу, аны иликтөө үчүн иштелип чыкты.