Октябрдагы башаламандыкта “Ак үйгө” келтирилген чыгымды ведомство аралык комиссия иликтейт

Октябрдагы башаламандыкта “Ак үйгө” келтирилген чыгымды ведомство аралык комиссия иликтейт. Мындай чечим Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Имараттын айрым жерлеринде жасалгалоо жумуштарын жүргүзүү керек болсо, бир бөлүгү капиталдык ремонтко муктаж. Учурда калыбына келтирүү иштерине каражат бөлүү маселеси каралып жатат. Эске салсак, 6-октябрдагы башаламандыктын жүрүшүндө митингге… Кененирээк…

Мектептерди ачуу боюнча өз позициясын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди

Мектептерди ачуу боюнча өз позициясын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында,  ал бул суроону Билим берүү министри менен талкуулады.   Жыйынтыгында, ар бир райондогу эпидемиолог абалды изилдеп, чечим чыгарышы керек деген пикирге келишти. Эгер аймактык кызмат райондо коронавирус көрсөткүчү төмөн экенин аныктаса,… Кененирээк…

Кыргызстанда өткөн айда эттин баасы 11 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда өткөн айда эттин баасы 11 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик кызматынын атаандаштык чөйрөнн анализи бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова билдирди.   Анын айтымында, январдан бери эттин баасы 23 пайызга көтөрүлдү.   Буга Казакстан өз аймагынан эт жана малды чыгарууга тыюу салганы себеп болду.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 528 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 528 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 160, Ошто 135, Чүйдө 34, Таласта 14, Нарында 5, Ысык-Көлдө 26, Жалал-Абадда 71, Баткенде 83 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 52 миң 343дү түздү.

Бишкектеги өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок

Бишкек шаарында турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, бүгүн эртең менен Улан кичи району тарапта турак үйдөн өрт чыккан.   Маалыматка караганда, Ясенский тар көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт саат 10:13тө чектөөгө алынды. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү… Кененирээк…

Нарын облусу коронавирус эң аз катталган аймак болууда

Нарын облустунда 5-ноябрга карата COVID-19 вирусу 6 адамда аныкталды. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб маалымдады. Аймактардын ичинен вирус эң аз аныкталган азыркы тапта Нарын олбусу бойдон калууда. 151 адам менен Бишкек шаары азыр биринчи орунда, андан кийин 101 киши менен Чүй облусу… Кененирээк…

Австралияда тоту куш ээсин өлүмдөн сактап калды

Австралияда тоту куш ээсин өлүмдөн сактап калды. Эки кабаттуу үйдө түндө өрт чыккан. Эрик каймана аты менен чымчык “Антон, Антон!” деп кыйкырып, ээсин ойготту, — деп жазат BBC News.   Эркектин айтымында, ал алгач Эриктин кыйкырыгын угуп, чоочуп ойгонуп, түтүндүн жытын сезген. Атып туруп, тоту… Кененирээк…

Адистер организмге пайдалуу азыкты аташты

Адистер организмге пайдалуу азыкты аташты. Диетолог Ольга Деккердин айтымында, буудай, сулуу жана арпанын кебектери ичегини жакшы иштетет. Андан тышкары, кебек өттүн иштөөсүн жакшыртып, пайдалуу бактерияларды азыктандырып, бетти тазалайт.   Кебектин эң жакшысы — майдалангандары. Аларды йогурт, салат, котлет жана нанга кошуп жесе болот, — дейт… Кененирээк…

Жол инспекторлору айдоочуларга кар жаай электе дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштайт

Жол инспекторлору айдоочуларга кар жаай электе дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштайт. Жаан-чачын жана суук түшкөндөн кийин жайкы шиналар менен жүрүү кооптуу, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.   Эске салсак, синоптиктердин божомолунда Бишкекте аба-ырайы келе жаткан дүйшөмбү, 9-ноябрда бузулат.

Президенттикке талапкерлердин кол тамга чогулткан барактары 3-декабрга чейин кабыл алынат

Президенттикке талапкерлердин кол тамга чогулткан барактары 3-декабрга чейин кабыл алынат. Боршайкомдон билдиришкендей, талапкер 30 миң жарандын колун чогултушу керек.   Аларды текшерүүгө комиссияга  8 күн талап кылынат. Ал эми өлкөнүн башкы постуна каалоочулардан арыздар жана тиешелүү документтер   14-ноябрга чейин кабыл алынат. Учурга карата 7 талапкер… Кененирээк…