Ош шаарында кошумча стационарларды ачуунун зарылчылыгы жок

Ош шаарында кошумча стационарларды ачуунун зарылчылыгы жок. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө шаарда №52 мектептин базасында күнү-түнү иштей турган дарылоочу борбор түзүлгөн.

 

Коронавирус белгилери байкалган тургундар жашаган жери боюнча бейтапканага же 118, 103 номурларына кайрылышы керек. Анын абалына жараша медицина кызматкерлери кийинки аракеттер боюнча чечим чыгарат.