Мурдагы министр, профессор Каныбек Исаков көз жумду

Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Анын шакирттери да маалыматты ырасташты.   Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан. Ал 1969-жылы 4-июнда Ош… Кененирээк…

Президентикке талапкерлер бардык каржылык операцияларын 9-январь кечки саат 6га чейин токтотушу керек

Президентикке талапкерлер бардык каржылык операцияларын 9-январь кечки саат 6га чейин токтотушу керек. Бул тууралуу БШК эскертет. Комиссиядан белгилешкендей, графикке ылайык, талапкерлер 3 каржылык отчет тапшырат.   Биринчи документ 3-декабрга чейин, экинчиси 2-январга чейин жана үчүнчү отчет шайлоо өткөндөн кийин 7 күн аралыгында – 17-январга дейре… Кененирээк…

Түркияда сүткө жуунган кызматкер жоопкерчиликке тартылат

Түркияда сүткө жуунган кызматкер жоопкерчиликке тартылат. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодон кийин жергиликтүү тургундар сүттү эми ичпей турганын дагы айтышууда. Мунун жөнү бар, кадрларда сүт заводунун кызматкери чоң идиштеги сүткө жуунуп жатканын көрсө болот.   Натыйжада, ишканага чоң айып салынып, ал жабылды. Ал эми сүткө жуунган… Кененирээк…

Бишкекте эртең алгачкы унаа тейлөөчү борбор ачылат

Бишкекте эртең алгачкы унаа тейлөөчү борбор ачылат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, ал Чолпон-Ата, 2 дарегинде жайгашат. Анда унаа ээлерине бир катар кызматтар көрсөтүлөт.   Айрыкча, айдоочу күбөлүктөрүн тапшыруу, мамлекеттик номурларды ыйгаруу, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү.

Бишкектин тойканалары санитардык нормалардын сакталышына текшерилет

Бишкектин тойканалары санитардык нормалардын сакталышына текшерилет. Мындай чечим ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу менен ресторан бизнесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынды.   Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп жатканына карабай, ресторан ээлеринин банктардагы кредиттерин эске алуу менен мэрия аларга жардам берүүнү чечти.   Бирок алар өз кезегинде бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда маданият кызматкерлерине батирлер берилет

Кыргызстанда маданият кызматкерлерине батирлер берилет. Маданият министрлиги жана курулуш компаниялардын бири ортосунда турак-жайды куруу жана тапшыруу боюнча макулдашуу жетишилди.   Тагыраак айтканда, компания ар бир курган объектинен 1 бөлмөлүү батир бөлүп берет. Бул программа 3 жылга созулат. Ал эми министрлик турак-жайга муктаж болгондордун тизмесин даярдоо… Кененирээк…

Кыргызстанда парламенттик шайлоолордун босогосу жана күрөө акысы төмөндөтүлдү

Кыргызстанда парламенттик шайлоолордун босогосу жана күрөө акысы төмөндөтүлдү. Президеттин милдетин аткаруучу Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду.   Ага ылайык, шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга чейин, ал эми күрөө акысы 5 миллиондон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле, форма-2 боюнча жарандар даректерин алмаштырып эми… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 518 бейтап COVID-19ду жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 518 бейтап COVID-19ду жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарына жана Бишкекке туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 55 миң 824 адамга жетти.  

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы болорун эскертет

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы болорун эскертет. Кыргызстанда 12синен 16-ноябрга чейин аба-ырайы кескин өзгөрөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар, жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Мындай аба-ырайы, унаалардын, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин… Кененирээк…

Каржы министрлиги кыргызстандыктарды өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жардамдашууга чакырат

Каржы министрлиги кыргызстандыктарды өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жардамдашууга чакырат. Бул үчүн кайрымдуулуктан түшкөн каражат чогула турчу атайы эсеп ачууга, өкмөттүн токтом долбоору даярдалды. Каржы министрлигинен белгилешкендей, жарандар жана бизнестен “өз эрки менен которулган сумма” өлкө карызын төлөө үчүн мамлекеттик бюджетке жеңилдик алып келет. Эске салсак,… Кененирээк…