Синоптиктер туруксуз аба-ырайы болорун эскертет.
Кыргызстанда 12синен 16-ноябрга чейин аба-ырайы кескин өзгөрөт.
Өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар, жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана
Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу болот.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.
Мындай аба-ырайы, унаалардын, байланыш, энергетика жана
коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.