Кыргызстанда парламенттик шайлоолордун босогосу жана күрөө акысы төмөндөтүлдү

Кыргызстанда парламенттик шайлоолордун босогосу жана күрөө акысы төмөндөтүлдү. Президеттин милдетин аткаруучу Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду.

 

Ага ылайык, шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга чейин, ал эми күрөө акысы 5 миллиондон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле, форма-2 боюнча жарандар даректерин алмаштырып эми добуш бере албайт. Бирок форма-2 менен чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктар колдоно алат.