Түркияда сүткө жуунган кызматкер жоопкерчиликке тартылат

Түркияда сүткө жуунган кызматкер жоопкерчиликке тартылат. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодон кийин жергиликтүү тургундар сүттү эми ичпей турганын дагы айтышууда. Мунун жөнү бар, кадрларда сүт заводунун кызматкери чоң идиштеги сүткө жуунуп жатканын көрсө болот.

 

Натыйжада, ишканага чоң айып салынып, ал жабылды. Ал эми сүткө жуунган жана аны видеого тарткан адам камакка алынды.