Кыргызстанда дагы 518 бейтап COVID-19ду жеңип чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарына жана Бишкекке туура келет.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан сакайгандардын
жалпы саны 55 миң 824 адамга жетти.