Президентикке талапкерлер бардык каржылык операцияларын 9-январь кечки саат 6га чейин токтотушу керек. Бул тууралуу БШК эскертет. Комиссиядан белгилешкендей, графикке ылайык, талапкерлер 3 каржылык отчет тапшырат.
Биринчи документ 3-декабрга чейин, экинчиси 2-январга чейин жана үчүнчү отчет шайлоо өткөндөн кийин 7 күн аралыгында – 17-январга дейре тапшырылышы шарт.
Эске салсак, өлкөнүн башкы постуна талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 14-ноябрда токтотулат.