Бишкекте эртең алгачкы унаа тейлөөчү борбор ачылат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, ал Чолпон-Ата, 2 дарегинде жайгашат. Анда унаа ээлерине бир катар кызматтар көрсөтүлөт.
Айрыкча, айдоочу күбөлүктөрүн тапшыруу, мамлекеттик номурларды ыйгаруу, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү.