Кыргызстан 5 өлкө менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын жүргүзүп жатат.
Алар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Россия, — деп
билдиришти “Манас” аба майданынан. Аталган өлкөлөрдүн шаарларынан
кыргызстандыктар өлкөгө келип кайра кете алышат. Андан тышкары, жарандар
Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына уча алышат. Ошондой эле
Исфана шаарына ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык
багыттар боюнча учууларды көбөйтүү маселеси каралып жатат