Азия өнүктүрүү банкы Бишкекке абанын сапатын текшерген 50 шайман берди

Азия өнүктүрүү банкы «Алматы-Бишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында Бишкек шаарына абанын сапатын көзөмөлдөөчү заманбап үлгүдөгү 50 шайманды берди.   Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы маалымдады. 17-декабрда шаймандарды банктын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Мак Дейган Гидрометеорология агенттигине тапшырды.   «Clarity Node-S» үлгүсүндөгү мониторлор элдин саламаттыгын,… Кененирээк…

Бүгүн жана эртең Бишкекте аба-ырайы жылуу болот

Бүгүн жана эртең Бишкекте аба-ырайы жылуу болот. Бирок жекшембиде кайрадан суук кайтып келет. Синоптиктер белгилешкендей, 20-декабрдан тарып ордо калаада жана Чүй облусунда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Кар жаашы ыктымал жана абанын температурасы түнкүсүн -13кө чейин төмөндөсө, күндүз 6 градус суук болот. Бирок декабрдын аягында суук кайтат.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 395 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 395 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Ушуну менен өлкөдө ковидди жеңип чыккандардын жалпы саны 72 миң 51 адамга жетти. Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү коронавируска чалдыккандарга караганда айыккандардын саны жогорулап жатат.

Бишкектен Кордайга чейинки жолдогу Чу дарыясынын көпүрөсүндөгү өтмөктө жабык галерея пайда болот

Бишкектен Кордайга чейинки жолдогу Чу дарыясынын көпүрөсүндөгү өтмөктө жабык галерея пайда болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери башталды. Бүгүнкү күндө бетон жумуштары аяктап, каркас орнотулду. Жөө жүрүүчүлөр галереясын монтаждоо иштери уланууда. Объекти качан даяр болору азырынча айтыла элек

Евразия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүп берет

Евразия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүп берет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, акча санитардык техникаларды алууга жана ооруканаларды тез жардам унаалары менен камсыздоого багытталат.

Президенттик стипендияларды берүүгө 3,5 миллион сом сарпталат

Президенттик стипендияларды берүүгө 3,5 миллион сом сарпталат. Тиешелүү буйрукка өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов кол койду. Ага ылайык, өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы мыкты 70 студентке жыл жыйынтыгы менен стипендия берилет. Кошумчаласак, стипендиялар академиялык бир жылга, тагыраагы 10 айлык билим үчүн ыйгарылат.

Кыргызстандагы шайлоого карата жабдуулар сатып алынат

Кыргызстандагы шайлоого карата жабдуулар сатып алынат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, борбордук шайлоо комиссиясы бул максатта тендер жарыялады. Маалыматка караганда, көчмө урналар, термо кагаздар, USB жана SD шаймандар сатып алынат. Бул багытта жалпысынан 7 миллион 800 миң сом жумшалат.

Баткен шаарынын башкы планынын долбоору даярдалды

Баткен шаарынын башкы планынын долбоору даярдалды. Аймактык курулуш жана архитиектура башкармалыгынан билдиришкендей, учурда долбоор талкууланууда, 21-декабрда план бекитилгенден кийин жумуштар башталат. Шаардын башкы планын түзүүнүн максаты – 2040-жылга чейин 100 миңге жакын элди камтыган калаа аймагын чоңойтуу. Бул планга шаарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу, социалдык… Кененирээк…

Башкаруу формасын аныктоо боюнча өтө турган референдумдун акыркы жыйынтыгы февралда чыгат

Башкаруу формасын аныктоо боюнча өтө турган референдумдун акыркы жыйынтыгы февралда чыгат. БШКдан 24 агенттигине билдиришкендей, жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы календарлык 35 күндөн кеч эмес, тагыраагы 13-февралга чейин чыгышы керек. Референдумда кыргызстандыктар башкаруунун президенттик же парламенттик түрүн же болбосо бардыгына каршы тураары боюнча тандоосу турат.… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар 80 сомго жакындады

Кыргызстанда доллар 80 сомго жакындады. Учурда ордо калаадагы коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 80 сом 60 тыйынга сатып алып, 81 сомдон сатышууда. Эске салсак, доллар 13-декабрдан баштап позициясын жогото баштады. Бир жуманын ичинде АКШ валютасы дээрлик беш сомго арзандады.