Россиядага мигранттарга кайрадан жеңилдик берилди
Россиядага мигранттарга кайрадан жеңилдик берилди. Президент жарлыгына ылайык, эми чет элдик жарандар Россияда 2021-жылдын 15-июнуна чейин документтерин узартпай эле жүрсө болот. Буга визага байланыштуу, жашаган жеринде катталуу боюнча, убактылуу жана туруктуу жашаган жери тууралуу документтер кирет. Мындай жеңилдик чаралары коронавирус пандемиясына байланыштуу.