Кыргызстанда доллар 80 сомго жакындады

Кыргызстанда доллар 80 сомго жакындады.

Учурда ордо калаадагы коммерциялык банктар жана

акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны

80 сом 60 тыйынга сатып алып, 81 сомдон сатышууда.

Эске салсак, доллар 13-декабрдан баштап позициясын

жогото баштады. Бир жуманын ичинде

АКШ валютасы дээрлик беш сомго арзандады.