Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө таза суу берүү үзгүлтүккө учурады

Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө таза суу берүү үзгүлтүккө учурады.

“Турмуш” басылмасы билдиргендей, калаадагы Шералиев жана Токтосунов көчөлөр

кесилишиндеги магистралдык түтүктө жарылуу катталды. Жеринде “Нарын суу канал”

ишканасынын кызматкерлери тынымсыз иш алып барууда. Жумуштар аяктагандан кийин

таза суу берүү калыбына келтирилет. Белгилеп кетсек, учурда

Нарын шаарынын 64 аймагынан Жаңы жол аймагына чейин таза суу жок.