Ош облусундагы эл аралык унаа жолдорду кардан арылтуу иштери аткарылууда.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей,
аба-ырайы кескин өзгөргөндүктөн, жолдор тайгак болуп, муз тоңду. Учурда иштер
Бишкек – Ош, Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жана Ош – Исфана тилкелеринде аткарылууда.
Андан улам айдоочуларга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат. Дөңгөлөктөр
кышкыга алмаштырылып, унаада тайгактыкка каршы чынжырча болушу зарыл.