АКШ менен Индияда вирустун жаңы түрү аныкталды

Алгач Британияда пайда болгон коронавирустун жаңы, жугуштуу түрү эми АКШ, Индия жана Латын Америкасында аныкталды.   29-декабрга карата маалыматтарга караганда Европанын бери дегенде 20 мамлекетинде, Азияда, Жакынкы Чыгышта, Канадада жана Австралияда коронавирустун жаңы түрү аныкталды. Мындан улам бир катар мамлекеттерде карантин чаралары катаалдашты.   Евробиримдиктин… Кененирээк…

«Түндүк электр» ишканасы үч фазалуу система берүүнү токтотту

«Түндүк электр» ишканасы үч фазалуу система берүүнү токтотту. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, мындай чаралар кышты ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн ошондой эле калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүп жатат. Ошол эле учурда үч фазалуу система аны буга чейин кошкон абоненттерде кала берет. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстандык тасмалар эл аралык сынакка катышууда

Кыргызстандык тасмалар эл аралык сынакка катышууда. Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы «Оскар», Эмиль Атагелдиевдин «Көл» тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгы үчүн күрөшөт. Аталган тасмалар чет элдик кинолордун катарында көрсөтүлдү. Кошумчаласак, аталган сынактарга Борбор Азиядан 5 тасма сунушталды.

Акыркы суткада дагы 290 адам ковидди жеңди

Акыркы суткада дагы 290 адам ковидди жеңди. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын саны боюнча Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустары алдыда турат. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 75 миң 624кө жетти.  

Бишкек мэриясы калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда

Бишкек мэриясы калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда. Керамика конушундагы эки көчөнүн тургундары эми электр тармагынын башкы линиясына кошула алышат. Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы конушта узундугу 1 чакырымдан ашык электр зымдары тартылып жатат. Иштердин суммасы 1 миллион сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен каралды

Маданият – Жалал-Абад жолун куруу иштери уланууда

Маданият – Жалал-Абад жолун куруу иштери уланууда. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, трассанын 16 чакырымы дээрлик даяр. Жаңы жолдун жалпы узундугу 67 чакырымды түзөт. Андан тышкары, калктуу конуштарда 8 көпүрө, 181 ар кандай курулуштар, базар аймагында унаа токтотуучу жай, жөө жүрүүчүлөр өтмөгү жана аялдама салынат. Долбоорду… Кененирээк…

Кийинки жылы Кыргызстанда дагы эки калкты тейлөө жана төрт унаа тейлөө борборлору пайда болот

Кийинки жылы Кыргызстанда дагы эки калкты тейлөө жана төрт унаа тейлөө борборлору пайда болот. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы бөлүмдөр Исфанада жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда пайда болот. Ал эми унаа тейлөө борборлору Бишкекке, Таласка, Кара-Балтага жана Караколго туура келет. Учурда республика боюнча 25 калкты… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук унаалар адаттагыдай эле каттамдарды аткарат

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук унаалар адаттагыдай эле каттамдарды аткарат. Бул тууралуу novosti.kgге ордо калаа мэриясынын шаардык унаа башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимов билдирди. Анын айтымында, быйыл 31-декабрдагы майрамдык иш-чараларга чектөөлөр киргизилгендиктен автобус, троллейбус жана маршруттук унаалар кадимки иш күндөрүндөй эле каттамдарды аткарат. Бирок, 1-январда Бишкектин… Кененирээк…

Кыргызстан аймагында жаңы жыл түнү 13 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстан аймагында жаңы жыл түнү 13 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, Бишкектин көчөлөрүнө 5 миң укук коргоо органдары тартылат. Белгилеп кетсек, бүгүнтөн тартып 1-январга чейин ички иштер органдардын курамы иштин күчөтүлгөн… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Ташкент көчөсүндө жана Манас проспектисинде, Достук кичирайонунда, Мурас-Ордо, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу