Маданият – Жалал-Абад жолун куруу иштери уланууда.
Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, трассанын 16 чакырымы дээрлик даяр.
Жаңы жолдун жалпы узундугу 67 чакырымды түзөт. Андан тышкары, калктуу конуштарда 8 көпүрө,
181 ар кандай курулуштар, базар аймагында унаа токтотуучу жай, жөө жүрүүчүлөр өтмөгү жана
аялдама салынат. Долбоорду аягына чыгаруу иштери 2022-жылдын жай айларына туура келет.