Кыргызстан аймагында жаңы жыл түнү 13 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт.
Бул тууралуу 24 агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Андан белгилешкендей, Бишкектин көчөлөрүнө 5 миң укук коргоо органдары тартылат.
Белгилеп кетсек, бүгүнтөн тартып 1-январга чейин ички иштер органдардын
курамы иштин күчөтүлгөн режимине өттү.