«Түндүк электр» ишканасы үч фазалуу система берүүнү токтотту

«Түндүк электр» ишканасы үч фазалуу система берүүнү токтотту.

Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, мындай чаралар кышты

ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн ошондой эле калкты электр энергиясы менен

үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүп жатат. Ошол эле учурда үч фазалуу

система аны буга чейин кошкон абоненттерде кала берет. Ал эми жаңы кардарларга

убактылуу жеткиликсиз болот. Мындай чаралар 2021-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот.