Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук унаалар адаттагыдай эле каттамдарды аткарат.
Бул тууралуу novosti.kgге ордо калаа мэриясынын шаардык унаа башкармалыгынын жетекчиси
Сатыбалды Хакимов билдирди. Анын айтымында, быйыл 31-декабрдагы майрамдык
иш-чараларга чектөөлөр киргизилгендиктен автобус, троллейбус жана маршруттук
унаалар кадимки иш күндөрүндөй эле каттамдарды аткарат. Бирок, 1-январда
Бишкектин көчөлөрүнө коомдук унаалар 30 пайызга азыраак чыгат. Эске салсак,
жылда коомдук транспорт жаңы жыл түнү саат 2,3кө чейин жүргүнчүлөрдү жеткирип келген.