Кийинки жылы Кыргызстанда дагы эки калкты тейлөө жана төрт унаа тейлөө борборлору пайда болот.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы бөлүмдөр Исфанада жана Ысык-Көл облусунун
Ак-Суу районунда пайда болот. Ал эми унаа тейлөө борборлору Бишкекке, Таласка, Кара-Балтага жана
Караколго туура келет. Учурда республика боюнча 25 калкты тейлөө жана бир унаа тейлөө борбору бар.