Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ал кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.
Белгилүү болгондой, айылдагы спорт залдын курулушунда иштердин баасы 1 миллион сомго атайлап жогорулатылганы аныкталды. Андан тышкары, чиновниктер сапатсыз аткарылган жумуштарга карабай, объектти кабыл алышкан. Шектүү камакка алынды.