Кыргызстанда үй-бүлөлүк медицина борборлору ооруканалар менен бириктирилет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштады.
Анын алкагында аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, аймактык ооруканалар, стоматологиялык
клиникалар бириктирилип, кайрадан түзүлөт. Мындай жаңычылдык каржылык жана материалдык
ресурстарды үнөмдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Анын ортосунда медицина
кызматкерлеринин жумуш орду сакталат. Бул аракеттерди 2023-жылга чейин ишке ашыруу пландалууда.