Казакстанда 1-февралдан тартып коронавируска каршы калкты массалык түрдө эмдөө башталат

Казакстанда 1-февралдан тартып коронавируска каршы калкты массалык түрдө эмдөө башталат. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой жарыялагандай, министрлик жыл аягына чейин 6 миллион адамды эмдөөнү пландап жатат. Алгач медицина кызматкерлери эмделет. Андан кийин мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери, мектеп-интернаттардын, бала бакчалардын кызматкерлери, студенттер жана… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги республиканын чек араларында санитардык-карантиндик түйүндөрдүн ишин күчөтүлгөн режимге өткөрдү

Саламаттыкты сактоо министрлиги республиканын чек араларында санитардык-карантиндик түйүндөрдүн ишин күчөтүлгөн режимге өткөрдү. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн маалыматын каттоо жанданды. Мындай чаралар өлкөгө коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн көрүлүп жатат. Кыргызстанга келгендердин бары акыркы үч күндүн аралыгында тапшырылган ПЦР анализдин оң… Кененирээк…

БШК жакынкы аралыкта шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялоого даяр

БШК жакынкы аралыкта мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялоого даяр. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайком мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, протоколдордун 90 пайызы келип түштү. Бишкектеги, Москва районундагы жана Чүй облусундагы айрым шайлоо тилкелери калды. Күтүлгөндөй, карап чыгуу бүгүн аяктайт.… Кененирээк…

Баткен шаарында жаңы мектеп пайда болот

Баткен шаарында жаңы мектеп пайда болот. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталат. Учурда объектиде ички жумуштары аткарылып, электромонтаждоо иштери аяктап жатат. Иштер 65 пайызга жыйынтыкталды. Курулуштун сметалык наркы 1 миллион 263,5 миң долларды түзөт. Каражатты Сауд өнүктүрүү фондунун алынган насыянын… Кененирээк…

Синоптиктер аба-ырайы  туруксуз болоорун эскертет

Синоптиктер аба-ырайы  туруксуз болоорун эскертет. Маалыматка ылайык, бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан, кар жаап, шамал болот. Абанын табы кескин төмөндөйт, айрым аймактарда батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Бишкекте күн ортосунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт.

АКШда тандалган президент Джо Байден бүгүн кызматка киришет

АКШда тандалган президент Джо Байден бүгүн кызматка киришет. Инагуруация күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен Вашингтондо өтөт. Ага катышуучулардын саны коронавируска байланыштуу чектелди. Американын ордо калаасынын борбордук бөлүгү жабылды, коопсуздукту улуттук гвардиянын 20 миң аскери камсыздап жатат. Мындай чаралар мөөнөтү аяктап жаткан президент Дональд Трамптын тарапташтары 6-январда… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Красная Горка — Ак-Таш жана Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолдоруна кар массасы түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын… Кененирээк…

Ушул жумада президенттик шайлоонун жыйынтыктары ачыкталат

Ушул жумада президенттик шайлоонун жыйынтыктары ачыкталат. Бул тууралуу Акипресске БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады. Эми келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар каралып чыгат. Андан кийин БШКнын жыйыны өтүп, анда жыйынтык жарыяланат. Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстанда эрте никеге тургандар азайып, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көбөйдү

Былтыр Кыргызстанда эрте никеге тургандар азайып, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Өткөн жылы никеге турган ар бир бешинчи үй-бүлө ажырашуу үчүн арыз берген же 1 миң никеге 222 ажырашуу туура келет. Ажырашуу көрсөткүчү айыл жергесине караганда шаарда 2,4 эсе… Кененирээк…

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, биздин өлкө катышып жаткан программанын алкагында Россиядан 8 түрдүү вакцинаны  алат. Препарат 2-3 айдын аралыгында келиши күтүлүүдө. Бейшеналиев белгилегендей, буга чейин Кыргызстан америкалык вакцинанын документтерин алган. Бирок аны сактоо үчүн… Кененирээк…