Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу, дээрлик 9 пайызга төмөндөдү

Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу, дээрлик 9 пайызга төмөндөдү.   Өндүрүш, курулуш жана соода тармагында көлөм азайды. Ал эми айыл-чарба тармагында тескерисинче, чоң эмес өсүү байкалууда.   Буга байланыштуу, өкмөт дыйкандарга колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Мектепке келүү үчүн окуучулардан коронавируска тест талап кылынбайт

Мектепке келүү үчүн окуучулардан коронавируска тест талап кылынбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Санэпидем көзөмөл борборунун ооруларды алдын алуу департаментинин санитардык дарыгери Мария Кушубакова билдирди.   Анын айтымында, буга чейин окуучулардан ПЦР-тесттин жыйынтыгы талап кылынууда деп ата-энелерден даттануулар түшкөн.   Учурда бул арыздардын чоо-жайы такталууда. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус боюнча ведомство аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жарыяланды

Кыргызстанда коронавирус боюнча ведомство аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жарыяланды.   Бир ай бою медицина кызматкерлери, депутаттар, мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү, активисттер жана көз карандысыз эксперттер мамлекеттик органдардын коронавируска даярдык көрүүсүн жана аны менен күрөшүү иштерин изилдешти. Алсак, вирустан дарылануу боюнча 3-протокол 1 айга кечигүү менен кабыл… Кененирээк…

Чаткал районунда кар көчкү түштү

Чаткал районунда кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массасы бүгүн эртең менен Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында түштү. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 миң кубометрди түзөт.   Анын жыйынтыгында, трасса буулуп калган. Жабыркагандар жок. Жолду кардан тазалоого куткаруучулар жана… Кененирээк…

Кыргызстанда алдыңкы күндөрдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда алдыңкы күндөрдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты. Бүгүн жана 22-январдан 24-январга чейин көпчүлүк аймактарда мезгили менен кар жаайт. Бактарга жана зымдарга жаан аралаш кар жабышат. Жолдордо кар күрткүлөрү пайда болуп, тайгак болот. Мындай аба-ырайынын шарттары мал-жандыктарды кармоодо тоюттун запасына зыян келтирет, унаалардын,… Кененирээк…

Кыргызстанда аркыркы суткада 124 адам коронавирустан сакайды

Кыргызстанда аркыркы суткада 124 адам коронавирустан сакайды. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандар Бишкекте – 62, Ошто – 10, Чүйдө – 28, Таласта – 1, Нарында – 6, Ысык-Көлдө – 13, Жалал-Абадда – 4. Ушуну менен өлкө боюнча 79 миң 373 адам ковидди жеңип чыкты.  

Ошто жаңы эс алуу багы пайда болот

Ошто жаңы эс алуу багы пайда болот. Ал Манас-Ата кичирайонунда Салиева көчөсүндөгү эски аллеянын оруна курулат. Эс алуу аймагына бак жана гүл отургузуп, заманбап отургучтарды орнотуу пландалууда. Андан тышкары, жол салынып, тротуар кеңейтилет жана муниципалдык унаа токтотуу жайы курулат.

Аралыктан иштеген кызматкердин эмоциясын көзөмөлдөгөн билерик чыкты

Аралыктан иштеген кызматкердин эмоциясын көзөмөлдөгөн билерик чыкты. Британиялык ишкана тартуулаган жаңычылдык фитнес-трекер сыяктуу көрүнөт, бирок анда дисплейдин ордуна баскыч орнотулган. Эгер кызматкер маанайы төмөн болсо көк баскычты тандайт, жакшы болсо сарыны басуу керек. Түзүм мобилдик тиркеме жана сайт менен туташтырылып, маалыматтарды түз жүктөп турат. Муну… Кененирээк…

Дональд Трамп коштошуу сөзүн жазды

Дональд Трамп коштошуу сөзүн жазды. Бүгүн мөөнөтү бүтө турган АКШнын 45-президенти 6-январда тарапташтары Капитолийди басып алганда шайлоодон утулганын моюнуна алган. Анын айтымында, мындай кол салууларга актануу жок. Учурдагы президент кошумчалагандай, анын ортосунда Кошмо штаттар Кытайга каршы иш-аракеттерге карата башка өлкөлөр менен биримдикти бекемдеди. Бирок АКШ… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилер каттамдарды үзгүлтүксүз аткара баштады

Бишкекте маршруттук таксилер каттамдарды үзгүлтүксүз аткара баштады. novosti.kgге шаардык унаа башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн таңкы саат 8де каттамдарга коомдук унаалардын 50 пайызы чыкты. Саат сайын толукталууда. Бул багытта атайын түзүлгөн мобилдик топ милиция менен биргеликте иш алып барууда. Эске салсак, буга чейин ордо калаада маршруттук таксилердин… Кененирээк…