АКШда тандалган президент Джо Байден бүгүн кызматка киришет

АКШда тандалган президент Джо Байден бүгүн кызматка киришет.

Инагуруация күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен Вашингтондо өтөт.

Ага катышуучулардын саны коронавируска байланыштуу чектелди.

Американын ордо калаасынын борбордук бөлүгү жабылды,

коопсуздукту улуттук гвардиянын 20 миң аскери камсыздап жатат.

Мындай чаралар мөөнөтү аяктап жаткан президент Дональд Трамптын

тарапташтары 6-январда Капитолийди басып алган окуяларынан кийин күчөтүлдү.