Акыркы суткада дагы 136 адам коронавирустан айыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын
жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, скайгандар Бишкекте – 56,
Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 7,
Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 7. Ушуну менен өлкө боюнча
ковидди жеңип чыккандардын саны 79 миң 509 адамга жетти.