Бишкекте Ала-Тоо аянтында президент инагуруациясына даярдануу иштери жүрүп жатат.
Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, түзүм 28-январда өтө турган
иш-чарага даярдануу менен жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда. Иш-чаранын жүрүшүндө
«Ала-Тоо» аянтын тозуу пландалган жок. Белгилеп кетсек, жаңы президенттин
инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт.