Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров премьер-министр кызматын тапшырды

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров премьер-министр кызматын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

 

Анын айтымында, бул шайлоолордун расмий жыйынтыгы жарыяланганына байланыштуу. Муну менен Кыргызстандын азыркы өкмөтү отставкага кетти. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнчө министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтарын убактылуу аткара беришет.