Конституциялык кеңеш Негизги мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна бекитти

Конституциялык кеңеш Негизги мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна бекитти. Кечээ жыйынтыктоочу отурум өттү, анда 42 катышуучу долбоорду колдосо, бирөө гана каршы чыкты.

 

Кеңештин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, документ жакынкы күндөрү депутаттардын кароосуна парламентке келип түшөт. Эске салсак, бул долбоорго ылайык, өлкөдө президенттин бийлиги күчөп, курултай көзөмөлдөөчү орган киргизилет, ал эми депутаттардын саны кыскартылат.