Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.
Жер титирөө кечээ, 27-январь күнү, катталган.
Ал Таш-Көмүр шаарында 2,5 балл, Аксы районунун Жыл-Көл, Кум айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.