Нарын облусунда эксперименталдык айыл куруу пландалууда

Нарын облусунда эксперименталдык айыл куруу пландалууда. Ак-Талаа районунда Ак-Тилек калктуу конушу пайда болушу мүмкүн. Ал жакка Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын жер титирөө жана сел каптоо коркунучу бар аймактарында жашаган тургундарды көчүрүү пландалып жатат. Жаңы айыл 300 түтүн болот. Анын эксперименталдык аталышынын себеби, адистер турак жай… Кененирээк…

Жарандарды Россияга жиберүү үчүн жасалма медициналык документтерди жасап жүргөн адам кармалды

Жарандарды Россияга жиберүү үчүн жасалма медициналык документтерди жасап жүргөн адам кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шектүү Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, учурда жеке авиакассада иштеп жаткан. Ал жасалма тактаманы 46 миң сомго сатып жүргөнү аныкталды. Шектүүнүн иштеген жеринен медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин бир нече жасалма мөөрү… Кененирээк…

Талас районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Талас районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Турмуш басылмасы билдиргендей, Таш-Арык айылындагы мектепке чейинки даярдоо мекемеси 140 орунга ылайыкталды. Имарат 2 кабаттуу жана ал бардык муктаж жабдуулар менен камсыздалды. Курулуш иштерине 58 миллион сом сарпталды, каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон өз маалынан эрте аякташы мүмкүн

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон өз маалынан эрте аякташы мүмкүн. Бул аба-ырайына байланыштуу болот, — дешти novosti.kgге өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн. Андан белгилешкендей, учурда тоо лыжа базалары жана курорттук эс алуу жайлары кадимки режимде иштеп жатат. Быйыл пандемиядан улам алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны аз, бирок… Кененирээк…

Оштогу облустар аралык жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылды

Оштогу облустар аралык жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылды. Медициналык мекеменин жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуштар февралдын аягына чейин аяктайт. Калыбына келтирүү иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, COVID-19га каршы долбоорунун алкагында аткарылууда.

Бишкек мэриясы 1-марттан тартып бардык мектептерде билим берүүнү салттуу негизде жандантууну пландап жатат

Бишкек мэриясы 1-марттан тартып бардык мектептерде билим берүүнү салттуу негизде жандантууну пландап жатат. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, эпидемиологиялык абал туруктуу болсо гана бардык мектеп жана бала бакчалар ачылат. Эске салсак, учурда офлайн түрүндө 1-5-9-11-класстын окуучулары гана окуп… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң популярдуу тиркемелер аталды

Дүйнөдөгү эң популярдуу тиркемелер аталды. Январдын жыйынтыгы менен биринчи орунду Telegram алды. Өткөн айда аны 63 миллион  жолу көчүрүштү. Экинчи орунда 62 миллион көчүрүү менен TikTok жайгашат.   Лидерлердин бешилтигин Signal, Facebook жана WhatsApp бекитет. Белгилеп кетсек, WhatsApp мессенджериндеги жеке маалыматты ачыкка чыгарууга байланыштуу окуя… Кененирээк…

Кыргызстанда Базар-Коргон шаары пайда болот

Кыргызстанда Базар-Коргон шаары пайда болот. Тишелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Шаар бир катар айылдарды камтыган Базар-Коргон айыл аймагынын базасында түзүлөт. Буга чейин маалымдалгандай, бул жергеде 59 миңдей адам жашайт.   Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Ички иштер министрлиги чет элдик номерлер менен унааларды жазага тартуу ыкмасын ойлоп тапты

Ички иштер министрлиги чет элдик номерлер менен унааларды жазага тартуу ыкмасын ойлоп тапты.   Белгилеп кетсек, “Коопсуз шаар” камералары алардын бузууларын каттаганы менен, унаа ээлеринин маалыматы базада жок болгондуктан, аларды жоопко тартуу мүмкүн эмес. 300 миңден ашык мындай фактыны жоюуга туура келди.   Андан улам,… Кененирээк…

Тышкы миграция маселелерин эми Тышкы иштер министрлиги чечет

Тышкы миграция маселелерин эми Тышкы иштер министрлиги чечет. Бул тууралуу 24 агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти. Ал эми ички мигранттардын кызыкчылыктарын коргоо милдети Саламаттыкты сактоо министрлиги алдында атайын департаментине жүктөлөт.   Мамлекеттик каттоо кызматы, “Унаа” мамлекеттик ишканасы жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция министрлигине өтөт.  … Кененирээк…