Дүйнөдөгү эң популярдуу тиркемелер аталды

Дүйнөдөгү эң популярдуу тиркемелер аталды. Январдын жыйынтыгы менен биринчи орунду Telegram алды. Өткөн айда аны 63 миллион  жолу көчүрүштү. Экинчи орунда 62 миллион көчүрүү менен TikTok жайгашат.

 

Лидерлердин бешилтигин Signal, Facebook жана WhatsApp бекитет. Белгилеп кетсек, WhatsApp мессенджериндеги жеке маалыматты ачыкка чыгарууга байланыштуу окуя жыйынтыктарга таасирин тийгизди. Анткени, декабрда эле ал үчүнчү орунда турган болчу.