Кыргызстанда Базар-Коргон шаары пайда болот

Кыргызстанда Базар-Коргон шаары пайда болот. Тишелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Шаар бир катар айылдарды камтыган Базар-Коргон айыл аймагынын базасында түзүлөт. Буга чейин маалымдалгандай, бул жергеде 59 миңдей адам жашайт.

 

Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.