Коронавирустан эмдөө ыктыярдуу түрдө жасалат

Коронавирустан эмдөө ыктыярдуу түрдө жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, биринчилерден болуп вакцинаны дарыгерлер, мугалимдер жана калктын аярлуу катмары алат.

 

Андан кийин жеке медициналык борборлор дагы тартылып, каалоочулардын бардыгы эмдөө жасатса болот.

 

Жарандарды вакцина жасатууга эчким мажбурлабайт, — деди чиновник. Эске салсак, Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында вакцинанын биринчи партиясы мартта жеткирилиши күтүлөт. Ал эми экинчи партиясы жылдын экинчи жарымында алынып келет.