Өзбекстанда жашоо шарты начар айылга район акими контейнерде жашоо үчүн көчүп барат

Өзбекстанда жашоо шарты начар айылга район акими контейнерде жашоо үчүн көчүп барат. Мындай окуя Наманган районунун акими президент Шавкат Мирзиеевден Бунёдкор айылы начар боюнча сын уккандан кийин болду. Айыл тургундары өлкө башчыга  таза суу, газ жоктугун, жолдор талкаланганын айтып даттанышкан. Эми элдин турмушун өзүнүн жон… Кененирээк…

Сокулук районунун Фрунзе айылында жаңы фельдшердик акушердик түйүн пайдаланууга берилди

Сокулук районунун Фрунзе айылында жаңы фельдшердик акушердик түйүн пайдаланууга берилди. Турмуш басылмасы билдиргендей, медициналык мекеме аймактагы 3 миң жашоочуну тейлей алат. Учурда анда 4 кызматкер эмгектенүүдө. Курулушту ишке ашырууга 28 миң доллар багытталды. Каражат чет элдик фонд тарабынан бөлүнүп берилди.

«Сосновка» жана «Арал» өткөрүү түйүндөрүндө унаалардын кыймылына чектөөлөр жок

«Сосновка» жана «Арал» өткөрүү түйүндөрүндө унаалардын кыймылына чектөөлөр жок. Novosti.kgге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бирок, оор жүк ташуучу унаалар аралыгы 30 мүнөт аралык менен 5тен гана өткөрүлүүдө. Мындай чара унаалардын тыгыны жаралбаш үчүн жана аба-ырайынын шарттарынан улам. Учурда тилкеде жолчулар трассаны кардан тазалап,… Кененирээк…

Стационарларда айрым жарандар акысыз дарыланат

Стационарларда айрым жарандар акысыз дарыланат. Тагыраагы, коронавирус менен ооруган бейтаптарды, белгисиз пневмонияны, ПЦР тесттин жыйынтыгы менен  вируска шектүү адамдарды, аларга байланышкандарды жана чет өлкөлүк жарандардын ооруканаларда дарыланышы акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, дарылоо процедураларына сарпталчу каражат… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга 5 миллион 200 миң доллар берет

Россия Кыргызстанга 5 миллион 200 миң доллар берет. Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинин Facebook расмий баракчасында жарыяланды. Маалыматка ылайык, каражат кайтарымсыз негизде ыйгарылат Сумма ички иштер министрлигине 2021-22-жылы кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн багытталат.

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун сметасы көбөйтүлдү

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун сметасы көбөйтүлдү. Бирок көп эмес, деп билдиришти 24 агенттигине БШКдан. Комиссия мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, сумманын көбөйүшү 11 жаңы шайлоо тилкеси ачылганына байланыштуу.   Эки участок жабылды. Муну менен жергиликтүү кеңештерин шайлоо мамлекетке    425 миллион сомго айланат.   Бул буга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда бизнеске тоскоолдук жараткан башкы нерсе – өлкөдөгү саясий туруксуз абал

Кыргызстанда бизнеске тоскоолдук жараткан башкы нерсе – өлкөдөгү саясий туруксуздук. Бул вариантты сурамжылоого катышкан ишкерлердин 70 пайызы аташты.   Ал эми аны соода-өнөр-жай палатасы жүргүздү. Экинчи орунда коронавирустан улам киргизилген пандемия турат – 56 пайыз. Ал эми эң аз маселе сырье жана материал сатып алууга… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолунда жылынып алуучу 4 түйүн иштеп жатат

Бишкек-Ош унаа жолунда жылынып алуучу 4 түйүн иштеп жатат. novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, объектилер Сосновка жана Арал постторунда жайгашкан.   Алар суук кайтканга чейин иштейт. Сапарда кыйын учурларга кабылган айдоочулар түйүндөргө кайрылып, куткаруучулардын жардамын алуудан тышкары, акысыз ысык тамак жана чай ичип алса болот.

Кыргызстанда дагы 47 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 47 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 23, Чүйдө 16, Нарында 1, Ысык-Көлдө 6, Баткенде 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 82 миң 803тү түздү.  

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Гүлнара-Клара Самат БШКны жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаты жана тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин басма-сөз катчысы болуп эмгектенген.   Ал эми Россияда Кыргызстандын кызыкчылыгын буга чейин коргоп келген… Кененирээк…