Лионель Месси “Эльче” клубунун дарбазачысынын футболкасын сурап, футбол сүйүүчүлөрүн таң калтырды

Лионель Месси “Эльче” клубунун дарбазачысынын футболкасын сурап, футбол сүйүүчүлөрүн таң калтырды.

 

Окуя “Барселона” – “Эльче” клубдарынын беттешинен кийин болду. оюн аяктагандан кийин Месси атаандаштын дарбазачысы Эдгар Бадияга келип, оюн үчүн ыраазычылыгын билдирип, футболка алмашууну сунуш кылды.

 

29 жаштагы голкипер бул сунушка таң калгандыгын жашырган жок. Белгилеп кетсек, оюнда Лионель Месси Эдгар Бадиянын дарбазасына эки гол киргизди.