Шайлоочулардын алдын-ала түзүлгөн тизмесине 3 миллион 304 миң жаран кирди. Анын 1 миллион 723 миңи аялдар, калгандары эркектер. Болжолдуу тизме өлкө аймагында ачылган 2 миң 273 шайлоо тилкесинде илинди.
Алардан жарандар өздөрүн таап, зарыл болсо, жеке маалыматына өзгөртүү киргизе алат. Бул 27-мартка чейин мүмкүн болот. Ошондой эле, “Тизме” порталы жеткиликтүү. 11-мартта шайлоочулар толук тизмектелсе, акыркы тизме 1-апрелге чейин жарыяланат.
Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.