Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы
“Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3
Жарлыгында каралган чараларды ишке ашыруу максатында Жайыл районунда
жайгашкан ишкерлердин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тартибин бузгандыгы,
ишкердик иштин субъекттеринен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
жана ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди негисиз талап
кылгандыгы, ишкердик субъекттеринин ишин жана (же) акчалай операцияларды,
анын ичинде алардын банктык эсептери боюнча операцияларды мыйзамсыз
токтоткондугу жана уруксат берүүчү (лицензиялык) жол-жоболор жана
контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын укук
коргоо жана фискалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан бузулгандыгы
жөнүндө Жайыл районунун прокуратурасына жазуу түрүндө же төмөндө
көрсөтүлгөн ишеним телефондоруна кайрылууңуздарды билдиребиз.
— 0312- 22-15-02
— 03133 — 3-72-66