Футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалындагы беттештер жыйынтыкталды

Футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалындагы беттештер жыйынтыкталды. championat.com басылмасы билдиргендей, алгачкы оюндар 7-8-апрелде өттү. Биринчи күнү “Реал” өз үйүндө “Ливерпулду” 3:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми “Манчестер сити” “Боруссияны” 2:1 эсебинде утту. Эми жооп берүү беттештери 14-апрелде өтөт

Бишкекте 3 эм төрөлдү

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги бир айдан кийин гана жарыялады. Ымыркайлар 11-мартта жарык дүйнөгө келишкен. Буга чейин шаардык перинаталдык борборунун дарыгерлери ымыркайларга кам көрүштү. 3 эмдин бары эркек. Балдар керектүү медициналык жардамды алышты, учурда алардын абалы канааттандыраарлык. Күтүлгөндөй, эне жана балдар… Кененирээк…

Бишкекте Манас — Боталиев көчөлөр кесилишиндеги сейил бактын курулуш иштери аяктоо алдында

Бишкекте Манас — Боталиев көчөлөр кесилишиндеги сейил бактын курулуш иштери аяктоо алдында. Мэриядан билдиришкендей, скверге таман таш төшөлүп, чуркоо жолчосу түшүрүлүп, отургучтар орнотулду. Кичи-футбол талаасы жана воркаут аянтчасы пайда болду. Жаңы эс алуу багын 151 көчө чырагы жарыктандырат. Ошондой эле быйыл 52 видео байкоо камерасын… Кененирээк…

Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган судья мыйзамдуу кирешеси жок эле 74 батирге, 19 соода жайына, 10 унаа токтотмого, ошондой эле Бишкектин «алтын аянты» аталган аймакта жайгашкан кымбат жер тилкелерине… Кененирээк…

Коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыктар жүрүүдө

Коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Артурбек Жуманазаров билдирди. Анын айтымында, ооруканаларда дары-дармектин бир айлык керектелиши 95 миллион сомго эсептелген. Учурда 227 миллион сомго препараттар даярдалып, камсыздалды. Бул 2 айга жетиштүү. Төрага белгилегендей, мамлекеттик материалдык резервдер фондунан… Кененирээк…

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФА рейтингинде 2 позицияга төмөндөдү

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФА рейтингинде 2 позицияга төмөндөдү. Муну менен биздин футболчулар 98-орунга жайгашты. Команданын карамагында 1 миң 240 упай бар. Рейтингдин алдыңкы үчилтигин Бельгия, Франция жана Бразилия ээлейт. Тизмеге жалпысынан 210 команда кирет. Белгилеп кетсек, Кыргызстан курмасы коронавируска байланыштуу бир катар оюндарды… Кененирээк…

Бишкекте “Балалык” эс алуу багын куруу иштери уланууда

Бишкекте “Балалык” эс алуу багын куруу иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, сквер Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөр кесилишинде жайгашат. Жер жана ички инженердик тармактарды куруу аяктады. Учурда ирригация тармактарын орнотуу, дарактарды отургузуу жана кире беришти мрамор менен жасалгалоо процесси жүрүп жатат. Иштер шаардык бюджеттин эсебинен аткарылууда.

“Бишкек – Кара-Балта” поезди 17-апрелде каттамга чыкпайт

“Бишкек – Кара-Балта” поезди 17-апрелде каттамга чыкпайт. “Кыргыз темир жолу”  ишканасынын маалыматына ылайык, кыймылга убактылуу киргизилген чектөө Беловодск – Шопоков тилкесинде жолду оңдоо иштерине байланыштуу. 18-апрелден тартып, поезд кайрадан жүргүнчүлөрдү кадимки режимде ташып баштайт

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Европанын 6 өлкөсүнө виза бере баштайт

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Европанын 6 өлкөсүнө виза бере баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Петер Сийярто менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, быйыл сентябрдан тартып жарандарга Испания, Италия, Австрия, Чехия, Польша жана Словакияга дипломатиялык өкүлчүлүктөн виза алуу мүмкүн… Кененирээк…

Бишкектеги 14 мектептин окуучулары убактылуу онлайн билим алышат

Бишкектеги 14 мектептин окуучулары убактылуу онлайн билим алышат. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиеванын айтымында, кеп, шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Балдарды аралыктан окууга өткөрүү чечими башка адамдар менен байланышты азайтуу максатында. Шайлоодон кийин, 12 жана 13-апрелде мектептерде санитардык тазалоо… Кененирээк…