Бишкекте Манас — Боталиев көчөлөр кесилишиндеги сейил бактын курулуш иштери аяктоо алдында

Бишкекте Манас — Боталиев көчөлөр кесилишиндеги сейил бактын курулуш иштери аяктоо алдында.

Мэриядан билдиришкендей, скверге таман таш төшөлүп, чуркоо жолчосу түшүрүлүп, отургучтар орнотулду.

Кичи-футбол талаасы жана воркаут аянтчасы пайда болду. Жаңы эс алуу багын 151 көчө чырагы жарыктандырат.

Ошондой эле быйыл 52 видео байкоо камерасын орнотуу каралган. Сейил бакты куруу

иштери шаар бюджетинин эсебинен каржыланды.