Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы

мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей,

аталган судья мыйзамдуу кирешеси жок эле 74 батирге, 19 соода жайына, 10 унаа токтотмого,

ошондой эле Бишкектин «алтын аянты» аталган аймакта жайгашкан кымбат жер тилкелерине ээлик кылат.

Учурда судьяга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объектилерин

аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.